Кыргызстан Казакстан менен чек ара өткөрмөлөрүн модернизациялайт

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Казакстан менен чек ара өткөрүү пункттары тууралуу макулдашууга кошумча протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Документ эки автоунаа өткөрмөнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аларга эл аралык макам берүүнү карайт. Протокол 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган. Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин эки өткөрмө тең 24/7…

Кененирээк

Акын айымдарга сынак жарыяланды

Эл акыны Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынакка чыгармалар кабыл алынууда. Ага жашы 18ден жогору айымдар, кыргыз тилиндеги мурда жарыяланбаган ырларын жөнөтө алат. Чыгарма эки куплеттен кем эмес жана он куплеттен ашпашы керек. Ар бир катышуучу үч гана ыр бере алат. Баш байге 100 миң сом. Чыгармаларды кабыл алуу 5-февралда башталган, ал 30-апрелге чейин созулат….

Кененирээк

2026–2030-жылдарга маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

Минкабдын чечими менен кабыл алынган бул узак мөөнөттүү мамлекеттик план өлкөдө маданият тармагын колдоо жана ресурстарды бөлүүнү аныктайт. Иш чаранын алкагында китепканаларды кайра уюштуруу жана моделдүү маданий борборлорду түзүү, Улуттук көркөм искусство музейинде илимий-методикалык борбор жана реставрациялык лаборатория ачуу жана 2030-жылга чейин 4 миң музей экспонатын санариптештирүү жана ачык жеткиликтүү кылуу каралган. Гастрольдорду уюштуруу жана…

Кененирээк

Кыргыз балбаны дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев UWWнин дүйнөлүк рейтингинде 70 кг салмак категориясында үчүнчү орунга чыкты. 25 жаштагы спортчуга бул көрсөткүч 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жыйынтык боюнча топтогон рейтингдик упайлар алып келди. Ал мелдеште коло медаль уткан. Жаңыланган рейтинг UWWнин расмий сайтында жарыяланды. Акматалиев өз категориясында дүйнөлүк лидерлердин катарында калууда.

Кененирээк

Бишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды

Бишкекте «Достук» мейманкана комплекси жана «Саякат» туристтик комплекси капиталдык оңдоодон өтүп, заманбапташтыруу иштери башталды. Эки долбоор боюнча инвестициянын жалпы көлөмү 30 млн АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн. Маалыматка ылайык, Дирекциянын карамагына өткөнгө чейин объекттер көп жылдар бою комплекстүү оңдолгон эмес: инженердик тармактар эскирген, электр тутумдары авариялык абалда болуп, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, суу жана…

Кененирээк

Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады

Бул иш мектеп программасын жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү алкагында жүргүзүлүүдө. Арыздарды 2026-жылдын 28-февралына чейин тапшырууга болот: kitepkura.edu.kg аркылуу онлайн же Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257 (2-кабат, 202-кабинет) дареги боюнча жеке. Документ тапшыргандан кийин талапкерлер сайттагы техникалык тапшырма менен таанышып, окуу иштеп чыгуусун даярдап, аны көз карандысыз комиссия баалайт. Сынакка мектеп, колледж…

Кененирээк

Чүйдө азык-түлүктү муздатып сактаган заманбап комплекс курула баштады

Долбоорду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоп жатат. Аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк көлөмү эки эсеге чейин көбөйөт. “Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, биз Кыргызстандын экологиялык таза продукция өндүрүүчү катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз”, — деди Артём Новиков. Анын айтымында, жаңы…

Кененирээк

Жазгы каникул узартылды,окуу жылы кечирээк аяктайт

Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы каникулу кыскарып калганы тууралуу кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап, эс алууну узартуу чечимин кабыл алды. Эми окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды. Кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.Акыркы коңгуроо аземи 29-майда өткөрүлөт.

Кененирээк

К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды

Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

Кененирээк

Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди. Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн, Ош мамлекеттик университетин жана Москва мамлекеттик университетинин башкаруу багытын бүтүргөн. Буга чейин ал “ATS-Group” агроөнөр жай компаниясын жетектеп, жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр…

Кененирээк