Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүнүн инфраструктурасы жаңыланат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө көчөнүн жол катмарынын абалы, тротуарлар, ирригациялык тутумдар, жарыктандыруу жана жашыл аймактарды иретке келтирүү маселелери каралып, кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле көчөнүн инфраструктурасын этап-этабы менен…

Кененирээк

Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды

Мындан ары Чек ара кызматы УКМКга карабайт. Дегеле Кыргызстандын тарыхында Чек ара кызматы бир нече жолу ушундай өзгөртүүлөргө туш болуп жатат. Акыркы жолу 2020-жылы, бийликке Садыр Жапаров келип, УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалганда Чек ара кызматы УКМКга бириктирилген болчу. Мындан ары кызмат өз алдынча орган болот жана анын башчылыгында мурдагы эле жетекчи — Абдикарим Алимбаев…

Кененирээк

Кыргызстанда тик учак оңдогон алгачкы борбор ачылды

Эми жарандык авиациянын, ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин тик учактарын өлкө аймагында оңдоп-тейлөөгө мүмкүн болот. “Буга чейин Кыргызстандын авиация тармагында мындай деңгээлдеги ишканалар болгон эмес. Бул долбоор өлкөдө заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө мүмкүн экенин көрсөтөт”, — деди Улуттук инвестициялар агенттигинин жетекчиси. Мындан ары окуу-тренинг комплексин ачуу пландалууда, Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажеру орнотулуп,…

Кененирээк

Кыргызстанда орус тилин окуткан мугалимдердин саны көбөйтүлөт

Учурда республикада 180ге чейин орус тили жана адабияты мугалимдери иштеп жатат. Бул тууралуу «Россия 24» телеканалына Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири президенттик долбоор ишке ашырылууда. «Жыл сайын Кыргыз Республикасында орус тили жана адабияты боюнча…

Кененирээк

ИИМ Бекболот Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрдү деген маалыматты четке какты

Буга чейин коомдук ишмердин уулу атасын эрте менен суракка алып кетишкенин, үйдө бир нече милиция кызматкери калганын, алар тинтүү жүргүзүшү мүмкүн экенин айткан. Талгарбеков мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырган петицияга кол койгондордун бири болгон. Белгилей кетчү нерсе, ал 2016-жылы төңкөрүш жасоого шектелип кармалган. Талгарбеков “мөөнөтүнөн мурда шайлоо” өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган. Президент да…

Кененирээк

Кыргызстанда уй жана кой этине болгон бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу узартылды

Кыргызстанда уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-январындагы №3 буйрук күчүнө кирди. Документтин алкагында Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү өлкө аймактары боюнча эттин чектик чекене бааларын белгилешти. Аймактар боюнча максималдуу баалар: Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар…

Кененирээк

УКМКнын төрагасынын орун басарлары дайындылды

Президент Садыр Жапаров Алишер Эрбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору кылып дайындады. Мамлекет башчы дагы бир тескемеси менен Уранбек Шадыбековду УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматын бекитти. 53 жаштагы Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат…

Кененирээк

Венесуэла бир нече жылдан кийин алгачкы ирет Израилге мунай жөнөттү

Венесуэла акыркы жылдардагы тыныгуудан кийин Израилге мунайдын биринчи партиясын экспорттоду. Bloomberg маалымдагандай, жүк өлкөдөгү эң ири мунай кайра иштетүүчү Bazan Group компаниясы үчүн жөнөтүлүүдө. Булактардын айтымында, акыркы бир айда венесуэлалык мунайдын негизги бөлүгү Индия, Испания жана АКШдагы сатып алуучуларга сатылган. Экспорттун жанданышы Каракастын дүйнөлүк базарга кайтып, жаңы өнөктөштөрдү активдүү издеп жатканын көрсөтөт.

Кененирээк

Жогорку Кеңеш спикердин отставкасы боюнча кептерге комментарий берди

Парламенттин басма сөз кызматы бул маселе боюнча эч кандай талкуу болбогонун билдирди. Маалым болгондой, спикердин Түркияга расмий сапары пландалгандай жүрүп жатат. Парламенттин жетекчилигине байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу азырынча жарыялана элек.

Кененирээк

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады

Аны журналист Нургазы Анаркулов жарыялады. Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген.  “Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалаймын! Ал эми…

Кененирээк