Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Эркечтам» өткөрмө бекети 15-февраль кечки саат 8ден 19-февралга чейин, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин жабык болот. Бул убакыт аралыгында адамдар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт. Мунун себеби Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Кененирээк

Бишкек мэриясы жумушу жокторду бекер окутуп, иш таап берет

Туруктуу жумушу жана диплому жок 18 жаштан 35 жашка чейинки жарандарды №4 кесиптик лицейине кабыл алуу башталды. Сабактар курулуш тармагында суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча теория жана практика менен айкалышып өтүлөт. 2 жыл 10 айлык жана үч айлык окууну аяктагандан кийин шаар бийлиги тарабынан жумуш орундары сунушталат. Каалоочулар электромеханик, ширетүүчү, мебель уста, сантехник, шыбакчы, кыш…

Кененирээк

Кыргызстан–Франция түз авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыргызстан Франция менен түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидиновдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуусунда айтылды. Эгер иш оңунан чыкса каттамдарды француз авиакомпаниялары ишке ашырат деп пландалууда. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы эл аралык маршруттарды кеңейтүүгө жана өнөктөштөр менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бирок Кыргызстан азырынча Европа…

Кененирээк

Москвада ЖККУ жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Москва шаарында ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков Россиянын коргоо министри, ошондой эле ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин төрагасы Андрей Белоусов менен жолугушту. Жолугушууда Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы жана чек араларындагы саясат жана коопсуздук маселелери, ошондой эле союздаш өлкөлөрдүн аскердик потенциалын чыңдоо темалары талкууланды. Таалатбек Масадыков 2026-жылга карата пландалган иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусунун…

Кененирээк

Ошто таштандыдан электр энергиясын өндүргөн завод курулат

Ош шаарынын мэриясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын ортосунда концессиялык келишимге кол коюлду. Келишимге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана аталган компаниянын жетекчиси Дай Даого кол коюшту. Келишимдин алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулат. Аталган завод жылына 310 миң тоннага…

Кененирээк

Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция орнотулат

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, «Чакан ГЭС» ААКы Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция орнотууну пландаштырууда. Азыр станцияларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин ижарага алууга керектүү уруксат документтери даярдалып жатат, долбоор ишкананын өз каражаты менен каржыланат. Станциялар Балыкчыда (2), Бөкөнбаевде (1), Кызыл-Сууда (1), Караколдо (2), Түптө (2) жана Чолпон-Атада (2) жайгашат. Документтер бүткөндөн кийин курулуш-монтаж иштери…

Кененирээк

Өлкө боюнча мамлекеттик 48 автомектеп ачылды

Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. Анын айтымында, жарандардан өтүнмөлөр avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Сайттан онлайн же офлайн окуу түрүн тандаш керек. Өтүнмөлөр март айына чейин кабыл алынып, андан кийин окуу башталат.

Кененирээк

Жыл башынан бери 81,4 млн сомго 42 техника лизингге берилди

Бул туралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, ошондой эле лизинг механизмин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору ишке…

Кененирээк

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн кредит берет

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялады. Ал 2025-жылдын 9-октябрында Бишкекте кол коюлуп, мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Сауд өнүктүрүү фонду 50 млн доллар өлчөмүндө 25 жылдык жеңилдетилген кредит берет. Анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт каралган, пайыздык ставка — жылына 1,5%. Каражат Бишкек менен Чүйдө…

Кененирээк

Кыргызстандык велоспортчу Азия чемпионатында бир күмүш, бир алтын медаль тагынды

Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасы 5–13-февралда Сауд Арабиясында өтүп жаткан шосселик велоспорт боюнча Азиянын 45-чемпионатына катышууда. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Кыргызстандын өкүлү Игорь Филин «мастерс 60–64» категориясында 62,4 чакырымдык топтук жарышта ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Андан мурда ал 20 чакырымдык жеке старттагы жарышта күмүш медаль уткан. Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк…

Кененирээк