2026-жылы борбор калаада экинчи таштанды иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитеттин коллегиясында билдирди. Анын айтымында, жаңы объект ишке кирсе, комплексинин жалпы кубаттуулугу суткасына 3 миң тоннага чейин жетет. Мунун негизинде Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй Чүй аймагынын катуу тиричилик калдыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эске салсак, Борбор Азиядагы алгачкы экотехнологиялык завод 2025-жылдын 27-декабрында ачылган. Учурда ал 80 миң тонна…

Кененирээк

ЖОЖдордогу окуу программалары каралып, эски сабактар кыскартылат

Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жаңы министрликтин түзүлүшү жогорку билим берүү жана илим тармагын терең жаңылоого багытталган алгачкы кадам болду. Негизги максат — университеттерди таланттарды тарткан борборго, заманбап билимдин булагына жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычына айлантуу. Жакынкы…

Кененирээк

Өлкө боюнча 206 мектеп директорлогуна конкурс жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Республика боюнча жалпы 206 бош кызмат орунуна конкурс жарыяланды. Анын ичинен: Бишкек шаары – 11, Ош шаары – 8, Чүй облусу – 21, Нарын облусу – 10, Ош облусу – 59, Баткен облусу – 20, Ысык-Көл облусу…

Кененирээк

Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

2026-жылдын 17-февраль күнү сергек жашоо образын даңазалоо максатында сууда сүзүүчүлөр үчүн Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлөт. Мелдештин негизинде Ош шаарынын курама командасына 25 мыкты сууда сүзүүчүлөр тандалып алынат. Ага 2014, 2015, 2016, 2017, 2018, 2019-жылы төрөлгөндөр катыша алат жана алар спорттук мектепте, секцияда же машыктыруучуда 3 айдан кем эмес даярдыктан өтүшү керек. 1,2,3-орунду алган жеңүүчүлөр…

Кененирээк

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат….

Кененирээк

«АгроДиалог–2026»: Фермерлик жана дыйканчылык боюнча чемпиондор аныкталат

18–19–20–21-февраль күндөрү жылдын маанилүү иш-чараларынын бири — «АгроДиалог–2026» агроөнөр жай форуму өтөт. Бул форумдун алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы — 20 өсүмдүк өстүрүү, 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпиондор аныкталат. Иш-чарага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн эксперттер жана дыйкан-фермерлердин катышуусу күтүлүүдө.Форумдун жүрүшүндө өлкөнүн айыл чарба чемпиондору бардык кызыкдар тараптар менен ийгиликке жетүү сырларын бөлүшүп,…

Кененирээк

Конституциялык сот президенттин кайрылуусун 17-февралда карайт

Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылуусунун себебин түшүндүрдү. Бул маселеде сотко кайрылуу укуктук жактан туура жана логикалуу кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу суроолорго мыйзамдуу, так жооп болушу керек. Бүгүн өлкөдө Конституцияга байланыштуу маселелер боюнча акыркы укуктук бааны бере алган орган — Конституциялык сот. Эске салсак, мамлекет башчысы Конституциянын 67, 68…

Кененирээк

Президент К.Ташиевди эмне себептен жумуштан алганын айтты

Садыр Жапаров бул чечимге өлкөдө бөлүнүү коркунучу жаралганынан улам келгенин билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттык топтор Жогорку Кеңеште «кайсы тараптасың?» деген принцип менен бөлүп-жарууга аракет кыла баштаган. Айрым адамдар «генерал тарап» жана «президент тарап» деген түшүнүктөрдү жайылтып, депутаттарга жана мамлекеттик кызматкерлерге басым көрсөткөн учурлар болгон. Президенттин айтуусунда соңунда мындай бөлүнүүлөр «көчөдөгү аксакалдарга» жеткен. Ошондой эле…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкеке түндө келип түшкөнүн анын тарапташтары жазууда. Аэропорттон тосуп алышкан видеосун region маалымат булагы жайгаштырды. Буга чейин Камчыбек Ташиевди Кыргызстанга конгонго уруксат бербей жатышыптыр», деген айың кептерди четке каккан анын тарапташ журналисти Нургазы Анаркулов, УКМКнын экс төрагасы катары авиакаттам менен эле учуп келе жатканын жазган.

Кененирээк