День: 27.02.2026
Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттү
Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Орусия, Кытай, Жапониядан жана Кыргызстандан келген окумуштуулар, археологдор, тарыхчылар катышты. Иш-чарада 2025-жылдагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, негизги объекттер боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары сунушталды. Алардын арасында Кочкор-Башы шаарчасы, Саймалу-Таш, байыркы Өзгөн, Талас менен Нарындагы аска бетиндеги сүрөттөр, Чырпыкты көрүстөнүндөгү казуу иштери жана башка жайлар…
Өлкөдө «Кыргыз спутник» ишканасы түзүлөт
Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» аттуу 100% мамлекеттик акционердик коом түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Кыргыз спутник экологиялык мониторинг, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, пайдалуу кендерди изилдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иштейт. Уставдык капитал — 100 миң сом. Каражатты Каржы министрлиги бөлөт. Каракол шаарынан ишкана үчүн жер тилкеси бөлүү сунушталды. Токтом кабыл…
Садыр Жапаров жетекчилерди саясий оюндардан оолак болууга чакырды
Анын айтымында, мындай көрүнүш башаламандыкка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. «Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, элдин ишенимине доо кетирген», – деди өлкө башчысы. Ал ар бир жетекчини өз милдеттерин так аткарууга чакырып, мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда тууганчылык болбошу керектигин…
Пакистан түн ичинде Кабулга жана башка бир нече ооган шаарларына сокку урду
Белгилүү болгондой Пакистан Ооганстанга ири аба соккуларын жасап, талибдердин ок-дары кампасын жана 30дан ашык жабдууларды жок кылды.ЖМКлардын маалыматы боюнча, Пакистандын учагы Ооганстандын аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн.Пакистандын коргоо министри талиптерди Ооганстандан терроризмди экспорттогон деп айыптап, ачык согуш башталганын жарыялады. Ал талиптерди Индиянын өкүлү деп атады. Ооган куралдуу күчтөрү бомбалоолорго жооп катары чек арада ири масштабдуу чабуулдук…
Жерди, сууну көзөмөлдөөчү адистер боди-камера менен иштеп башташат
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгынын негизинде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Аталган демилгенин алкагында бүгүн инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер тарабынан жабдууларды туура иштетүү, маалыматтарды сактоо жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча кеңири маалымат…
Өткөн жылы жаратылышка зыян келтиргендерге 73 млн 710 миң сом айып салынды
Жаратылыш министрлиги жыл аягына чейин анын 66 млн 145 миң сому өндүрүлгөнүн кабарлады. Жаратылышка зыян келтирген жалпы 10 миң 666 учур катталган. Анын арасында көп катталган мыйзам бузуулар абаны булгоо жана мыйзамсыз аң улоого байланыштуу.
27-февралга карата аба ырайы
Бүгүн, 27-февралда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын, тоолуу райондордо кар жаайт. Ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 🔸 Чүй облусу: түнкүсүн -3…2°C, күндүз 1…6°C🔸 Талас облусу: түнкүсүн -4…1°C, күндүз 1…6°C🔸 Ош облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸 Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸 Баткен облусу: түнкүсүн 2…7°C, күндүз 7…12°C🔸 Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 3…8°C, күндүз 8…13°C🔸…
АКШга окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөөгө милдеттүү эмес
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги F же M категориясындагы визалар менен окууга бара турган студенттер визалык депозит төлөбөй турганын билдирди. Дипмиссиянын маалыматына ылайык, кепилдик күрөө бизнес же туристтик B1/B2 визасына документ тапшыргандардан гана талап кылынат. Башка виза категориялары үчүн мындай төлөм каралган эмес. Эске салсак, 2026-жылдын 21-январынан тартып Кыргызстандын жарандары B-1 жана B-2 визаларына арыз бергенде 5…
Быйыл Бишкекте 2 миллиондой гүл отургузулат
«Бишкек жашыл чарба» ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндарына карата быйыл көрктөндүрүү иштери жылдагыдан жигердүүрөк жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле ал быйыл күн жылуу болгондуктан болжол менен 10-апрелге 230 миң жоогазын гүлдөй турганын кошумчалады. Андан кийин бир айдын тегерегинде 1,5 млн түп бир жылдык гүл өстүрүлөт. Мындан тышкары, коноктор келе турган трассага 150…

