Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» эл аралык илимий конференциясы өттү

Бишкекте «Көөнө тарых сырлары – 2025» аттуу эл аралык конференция өтүп, ага Орусия, Кытай, Жапониядан жана Кыргызстандан келген окумуштуулар, археологдор, тарыхчылар катышты.

Иш-чарада 2025-жылдагы археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылып, негизги объекттер боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары сунушталды.

Алардын арасында Кочкор-Башы шаарчасы, Саймалу-Таш, байыркы Өзгөн, Талас менен Нарындагы аска бетиндеги сүрөттөр, Чырпыкты көрүстөнүндөгү казуу иштери жана башка жайлар бар. Конференциянын материалдары 2026-жылы өзүнчө жыйнак болуп чыгары айтылып, мындан ары эстеликтерди коргоо жана укуктук базаны өркүндөтүү иштери уланары белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *