Министрлер Кабинети «Кыргыз спутник» аттуу 100% мамлекеттик акционердик коом түзүү тууралуу токтом кабыл алды.
Кыргыз спутник экологиялык мониторинг, жер ресурстарын эсепке алуу, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, пайдалуу кендерди изилдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн иштейт.
Уставдык капитал — 100 миң сом. Каражатты Каржы министрлиги бөлөт.
Каракол шаарынан ишкана үчүн жер тилкеси бөлүү сунушталды.
Токтом кабыл алынгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

