Анын айтымында, мындай көрүнүш башаламандыкка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет.
«Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, элдин ишенимине доо кетирген», – деди өлкө башчысы.
Ал ар бир жетекчини өз милдеттерин так аткарууга чакырып, мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда тууганчылык болбошу керектигин эскертти.

