Чукул кабар: Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2–5-мартта тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн — унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Кар көчкү коркунучу бар жол тилкелери:
Бишкек–Ош: 121–138-чакырым (Төө-Ашуу ашуусу)
Бишкек–Ош: 198–265-чакырым (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу)
Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алакуу: 55–115-чакырым
Ала-Бука–Каныш-Кыя: 45–112-чакырым (Чапчыма ашуусу)
Красная-Горка–Акташ: 0–3-чакырым
Бишкек–Нарын–Торугарт: 292–305-чакырым (Долон ашуусу)
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад: 201–205-чакырым (Көк-Арт ашуусу)
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад: 260–290-чакырым (Көк-Арт ашуусу)
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад: 326–349-чакырым (Көк-Арт ашуусу)
Каракол–Эңилчек: 45–90-чакырым (Чоң-Ашуу ашуусу)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *