Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгынын негизинде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат.
Аталган демилгенин алкагында бүгүн инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер тарабынан жабдууларды туура иштетүү, маалыматтарды сактоо жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча кеңири маалымат берилди.
Боди-камераларды колдонуу жарандар менен инспекторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылууга багытталган. Бул чара кызматтык милдеттерди аткарууда талаш-тартыштуу жагдайлардын алдын алууга, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга өбөлгө түзөт.
Боди-камераларды колдонуу пилоттук тартипте алгач Бишкек шаары жана Чүй облусу, ошондой эле Ош шаары жана Ош облусундагы аймактык башкармалыктардын инспекторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.

