Этти, цитрус өсүмдүктөрүн, кантты жана какаону импорттоодо бажы төлөмдөрү алынбайт

2026-жылдын 30-январында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды. Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинүүчү социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларды импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча тарифтик жеңилдиктер каралган. Ири мүйүздүү малдын этиЖеңилдиктин…

Кененирээк

АКШ жана Индия жаңы соода келишимин түзүүгө макулдашты

АКШ жана Индия жаңы соода келишимин түзүүгө макулдашты. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social’да билдирип, келишим индиялык товарларга салынган бажы төлөмдөрдү 25%дан 18%га чейин төмөндөтүүнү карай турганын айтты. Трамптын айтымында, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиядан мунай сатып алууну токтотууга жана анын ордуна АКШдан, мүмкүн Венесуэладан да мунай импортун көбөйтүүгө макул болгон. Президент бул…

Кененирээк

Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын бирлиги түзүлдү

Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын консорциумун түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ал мамлекеттик органдарды, финансылык секторду, билим берүү мекемелерин жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирүүгө багытталган. Консорциумдун катчылыгы Экономика жана коммерция министрлиги болуп дайындалды. Уюштуруучулар кеңеши ЧӨИ боюнча артыкчылыктарды аныктап, анын чечимдери катышуучулар жана мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болот. Министрлер кабинетине 2026-жылдын экинчи…

Кененирээк

Ошто облустар аралык клиникалык оорукананын төрөтканасы капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Төрөт стационары 1968-жылы курулган бойдон оңдоло элек болчу. Былтыр жайда башталган жумушка бюджеттен 87 млн сом бөлүнгөн. Ага төрөткананын ичи-тышы, чатыры толук жасалган. Жандандыруу, төрөт бөлмөлөрү, операциялык залдар баштан аяк жаңыланган. Демөөрчүлөр дээрлик төрт млн сом берип, ага лифт орнотулган. Аталган төрөт үйүндө жылына он миңге жакын ымыркай жарык дүйнөгө келип, 20 миңдей кош бойлуу…

Кененирээк

1,5 жылдан кийин уставдык капиталы 14 млн сомго жетпеген күрөөканалар жабылат

Минкабдын күрөөканаларга талапты күчөткөн токтомуна ылайык, ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен көбөйтүлөт. Учурда уставдык капитал 3 млн сомдон кем болбоого тийиш болсо, 1-июлдан тартып бул сумма 7 млн сомго, 2027-жылдын 1-июлунан тартып 14 млн сомго, ал эми 2028-жылдын 1-июлунан тартып 20 млн сомго жеткирилет. Ломбард ишинин субъектилерине алты айдын ичинде жаңы талаптарга ылайыкташуу…

Кененирээк

Ат-Башыга жаңы аким дайындалды

Камчыбек Ташиевдин чукул тапшырмасынан кийин Ат-Башыга жаңы аким дайындалды. Райондун жаңы жетекчиси болуп Мухтар Шербаев бекитилди. 48 жаштагы аткаминер буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда акимдин орун басары болуп иштеген. Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев облус башчысы Нурбек Сатаровдон районго эмне үчүн дагы эле жаңы жетекчи дайындалбаганын сурап, бул маселени бүгүн чечүү тапшырмасын берген….

Кененирээк

ИИМ автомектептин директорунун кармалышы боюнча комментарий берди

Бишкекте коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө багытталган материалдарды таратуу фактылары аныкталганын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. «2026-жылдын 27-январында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда»meder.tagaibekovich» аттуу колдонуучунун Instagram баракчасынан кыргыз бийлигин каралоого жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган билдирүүлөр табылган. Бул билдирүүлөрдүн тегерегиндеги талкууларда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары социалдык кырдаалдын туруксуздашуусуна жана массалык баш аламандыкка алып келиши мүмкүн болгон чакырыктарды…

Кененирээк