Этти, цитрус өсүмдүктөрүн, кантты жана какаону импорттоодо бажы төлөмдөрү алынбайт

2026-жылдын 30-январында Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.

Кабыл алынган документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө жана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алып келинүүчү социалдык жана экономикалык жактан маанилүү айрым товарларды импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча тарифтик жеңилдиктер каралган.
Ири мүйүздүү малдын эти
Жеңилдиктин мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин
Көлөмү: 5 миң тоннадан ашпайт
Жеңилдик төмөнкү товарларга колдонулат:
— жаңы же муздатылган бодо малдын эти (ЕАЭБ ТН ВЭД коддору: 0201 …),
— тоңдурулган бодо малдын эти (ЕАЭБ ТН ВЭД коддору: 0202 …).
Тарифтик жеңилдик уюмга мүчө-мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, импорттоочу уюмдар, товарлардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн ырастоочу документ болгон учурда берилет.

Жеңилдик менен алып келинген этти пайдаланууга эт продукциясын өндүрүү максатында гана жана этти кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан гана уруксат берилет. Жеңилдетилген чийки затты колдонуу менен өндүрүлгөн даяр эт продукциясын ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына чыгарууга тыюу салынат.

Кант
Жеңилдиктин мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин
Камыш кант-сырьёсу (ЕАЭБ ТН ВЭД 1701 13 субпозициясы)
Көлөмү: 20 миң тоннадан ашпайт
Жеңилдик Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, товарды колдонуу максатын тастыктаган жана импорттоочулар менен кайра иштетүүчү уюмдар тууралуу маалыматтарды камтыган документ болгон учурда колдонулат.
Камыш кант-сырьёсун пайдаланууга Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн гана уруксат берилет. Жеңилдетилген чийки заттан өндүрүлгөн ак кантты ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттерине чыгарууга жол берилбейт.

Цитрус жемиштери
Жеңилдик мөөнөтү: 2026-жылдын 31-декабрына чейин
Төмөнкү товарларга карата импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотуу каралган:
— банан (0803901000) — 3 000 тонна
— мандарин (0805210000) — 2 500 тонна
—жүзүм (0806101000) — 1 500 тонна
— апельсин (0805102000) — 1 000 тонна
— манго (0804500001) — 500 тонна
— киви (0810500000) — 500 тонна

Какао продукциясы
Жеңилдиктин мөөнөтү: жыл сайын 2027-жылдын 30-апрелине чейин
— какао-майы (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 1804000000) — 300 тонна
Кабыл алынган чаралар төмөнкүлөргө багытталган:
— ички рынокту туруктуу камсыз кылуу,
— кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо,
— социалдык жактан маанилүү продукцияларга баалардын өсүшүн чектөө,
— Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *