Кыргызстанда алты түзөтүү мектеби жабылат

Министрлер кабинети Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) карамагындагы алты түзөтүү мекемесин жоюу тууралуу токтом кабыл алды. Документ расмий жарыяланды.

Жоюла турган мекемелер:
— №26 — Чүй облусу, Ысык-Ата району, Молдовановка айылы
— №42 — Ош шаары, Мамыров көчөсү, 105а
— №43 — Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Жусубалиев көч., 16
— №44 — Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата ш., 3-кичи район, 107
— №45 — Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы, Фрунзе көч., 120
— №52 — Жалал-Абад облусу, Токтогул ш., Осмонов көч., 28

Жабуу иштерин жүргүзүү үчүн ликвидациялык комиссия түзүлүп, мүлктү инвентаризациялоо, Соцфондду кошкондо бардык каржылык милдеттенмелерди жабуу жана ликвидациялык баланс даярдоо тапшырылды.

ЖАМКка кызматкерлерди жумушка жайгаштыруу маселесин чечүү, тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүү жана мүлктү мыйзамга ылайык өткөрүп берүү милдеттендирилди.

Ликвидацияга кеткен чыгымдар ЖАМКка каралган бюджеттин чегинде жабылат.

Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *