Министрлер кабинети санариптештирүү жаатындагы бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди.
Бул чечим президенттин иш башкармалыгына караштуу жаңы мамлекеттик «Кызмат» мекемеси түзүлгөндөн кийин кабыл алынды.
Жаңы токтомго ылайык:
— Электрондук кол тамгаларды текшерүү үчүн сертификаттарды берүү функциясы 2021-жылдын токтому боюнча «Кызматка» өткөрүлдү;
— Бирдиктүү электрондук почта системасында техникалык оператор катары «Инфокомдун» ордуна «Кызмат» иштейт;
— 2028-жылга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу программасын жана 2030-жылга чейинки региондорду өнүктүрүү мамлекеттик программасын аткарууда жооптуу органдын катары «Кызмат» көрсөтүлдү.
Официалдуу кыскартмалар тизмесине да: «Кызмат» ММ — президенттин иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик мекеме деп кошулду.
Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет

