АКШ жана Индия жаңы соода келишимин түзүүгө макулдашты

АКШ жана Индия жаңы соода келишимин түзүүгө макулдашты. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social’да билдирип, келишим индиялык товарларга салынган бажы төлөмдөрдү 25%дан 18%га чейин төмөндөтүүнү карай турганын айтты.

Трамптын айтымында, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиядан мунай сатып алууну токтотууга жана анын ордуна АКШдан, мүмкүн Венесуэладан да мунай импортун көбөйтүүгө макул болгон. Президент бул кадам Украинадагы согуштун аякташын жакындатат деп баалады.

Белгилей кетсек, согуш башталгандан кийин Индия Орусиядан мунай сатып алууну 60 эседен ашык көбөйтүп, Кытайдан кийинки экинчи ири импорттоочу өлкөгө айланган.

Бирок Трамп администрациясынын басымынан кийин индиялык компаниялар орус мунайын сатып алууну кыскарта баштады. Декабрь айында жеткирүүлөр күнүнө 1,2 млн баррелге чейин түшүп, акыркы үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч катталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *