Улан Примов: “Совет доорундагы жатакананы мектеп катары пайдаланышууда”
Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү. Анын айтымында, Жоош айылында мектептин курулушу башталып, учурда токтоп калган. Натыйжада окуучулар совет доорунан калган жатакананы мектеп катары пайдаланууга аргасыз болууда. Депутат ушундай эле жагдай Кызыл-Тал айылында да орун алып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Улан Примов Октябрь, Кызыл-Тал…

