Жарамазан кайырчылыкка айланбашы керек

Бишкек шаарынын вице-мэри жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ал түнкүсүн ата-энесиз жүргөн балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өспүрүмдөрдү кайыр сураганга тарткан кафе-ресторандардын жоопкерчилиги караларын билдирди. Вице-мэр жарамазан салты кайырчылыкка айланбашы керектигин айтып, ата-энелерди балдарын көзөмөлсүз калтырбоого чакырды.

Кененирээк

Израиль Иранга сокку урду

Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Исраэль Кац маалымдаган. Эми жакын арада Израилдин аймагына да ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасалышы ыктымал, буга байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал режими киргизилди. Жергиликтүү Fars маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Тегеранда үч жарылуу болгон. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, бир нече ракеталар Университет көчөсүнө жана Тегерандын борбордук аянты болгон Жумхури…

Кененирээк

Имамдардын стипендиясы 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин көтөрүлдү

Абдулазиз кары Закиров имамдар мамкызматкер болбогондуктан бюджеттен каржыланбасын белгилеген. Ошондой эле белгилүү себептерден улам бул максатка грант алууга да болбосун кошумчалаган. Ошондуктан бул үчүн умрага баргандардын эсебинен 9% алуу чечими кабыл алынганын маалымдады. Имамдарга былтыр 8000 сомдон стипендия чегерилген.

Кененирээк

Кыргыздар тууралуу даректүү тасма тартылып, Лондондо бет ачары өттү

Тасманы тартууга кеткен каражаттын жарымы же 45 млн сом өлкө бюджетинен бөлүнгөн. Калган акчаны фильмдин продюсерлери тапкан. Чыгармада кыргыздардын байыркы турмушу менен азыркысынын айкалышы көрсөтүлөт. Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев долбоордун аркасы менен өлкөгө турист тартуу максат кылынганын белгиледи.

Кененирээк

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы турнирде күмүш медаль тагынды

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште болгариялык Юлиана Яневага 2:0 эсебинде утулуп калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова 65 килограммга чейинки салмакта коло медаль тагынды. Ал индиялык Апекша Патилди 4:3 эсеби менен жеңип алды. MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турнири ушу тапта Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат.

Кененирээк