Минкабдын күрөөканаларга талапты күчөткөн токтомуна ылайык, ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү этап-этабы менен көбөйтүлөт.
Учурда уставдык капитал 3 млн сомдон кем болбоого тийиш болсо, 1-июлдан тартып бул сумма 7 млн сомго, 2027-жылдын 1-июлунан тартып 14 млн сомго, ал эми 2028-жылдын 1-июлунан тартып 20 млн сомго жеткирилет.
Ломбард ишинин субъектилерине алты айдын ичинде жаңы талаптарга ылайыкташуу милдети жүктөлдү.

