Түркиянын Анталья шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотконго көмөктөшкөн кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙ уюмунун сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу сыйлык ээси “Кабар” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, сыйлыкты ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев тапшырды.

ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алганыма кубанычтамын. Чынын айтканда кыргыздын кызы катары Антальяда улуу жазуучубуздун эстелигин каржылап, орнотууга салым кошконума кубанам. Кадамжай районундагы үч мектептин окуучуларына туугандарым менен биргеликте стипендия берип, белектерди тапшырып турабыз. Айтматовдун томдуктарын таратканыбызда, бир окуучу кыз жазуучунун чыгармаларына аябай кызыкканын, кыялы орундалганын айткан. Анын окууга кызыгуусу, жазуучубузга урматы мага абдан таасир берген. Мунун баары атамдан алган тарбиябыздын негизи жана кыргыздын кызы катары милдетим деп билем”, – деди Венера Кожоева.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *