2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Ташкент шаарында өткөн Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Сирия жана Ирактан келген жарандарды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана министрлер кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

“Кыргызстанга келгенден кийин жарандар реабилитациялык , теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет” -деди Жыпариса Рысбекова.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *