Садыр Жапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн кечирим сурады

Президент Садыр Жапаров жеке автомектептердин жабылуусуна ьайланыштуу талкуулар боюнча Кабар агенттигине кайрадан түшүндүрмө берди. Жана ошондой эле өлкө башчы автомектептердин ээлеринен кечирим сураган.

“Бул реформабыздын жыйынтыгы азыр дароо сезилбейт. 50-60 жылдан кийин жемишин берет. 30 жылдан бери күбөлүк сатып алган биздин муун кетип, азыркы 10 ай окуп аткандар жана сентябрдан баштап мектептерде окуган балдардын мууну калганда жыйынтыгы сезилет.
50-60 жыл талап кылынат.
Азыр катуу эрежелерди киргизип реформа кылып алсак, бир калыпка түшкөн соң, статистика да өзгөрөт. Адам өлүмү азаят. Ошондо коом өз баасын берет деп ойлойм.
Ошондуктан коомчулукту бул өзгөрүүлөрдү колдоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырам. Жеке мектептерди жапканым үчүн ээлеринен дагы кечирим сурайм. Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы”

-деген президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *