15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт.. Мелдешке 14 мамлекеттен 250дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандын атынан самбо боюнча жалпы 39 спортчу өлкө намысын коргойт. Курама команданын башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Илгиз Каналбек уулу жетектейт.
