Өрт коопсуздугун сактабаган курулуш компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте өрт коопсуздугун сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 12-августта Бишкектеги Анкара 3а дарегиндеги «Аалам Строй» ЖЧКсынын курулуш объектисинде өрт чыккан.
Мамкурулуштун Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы өрт чыккан жерге кароо жүргүзүп, анын жыйынтыгында, курулуш компаниясына жазма буйрук берип, КР Укук бузуулар кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *