Бишкектеги соода жана оюн-зоок борборлорунун биринде өспүрүм кызды жылан чагып алды. Окуя 15 жашар кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна 2 саатка иштеп турган убакытта болгон. Медайым өспүрүмгө жеринде биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен. Ал эми кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, кызын дарыгерлер текшергенин, учурда абалы жакшы экенин билдирди.

