Кыргызстан жылына миңге чейин дарыгерди чет өлкөгө стажировкага жөнөтүүнү көздөөдө

Саламаттык сактоо министрлиги КГМАнын бүтүрүүчүлөрүн чет өлкөгө стажировкага жөнөтүү үчүн квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Министр Каныбек Досмамбетовдун айтымында, азыр жылына болжол менен 100 адис жөнөтүлөт, бул көрсөткүчтү 1000ге чейин жеткирүү пландалууда.

Бул багытта Орусия, Түркия жана АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Февраль айында Досмамбетов Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугуп, 1–2 жылдык стажировкалар үчүн квоталарды көбөйтүү маселесин талкуулайт.

Стажировкаларды Орусия тарап каржылашы мүмкүн экени да айтылды. Демилге дарыгерлердин тажрыйбасын жана квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *