Бишкек шаарында мурдагы №2 троллейбус каттамынын ордуна жаңы электробус каттамы иштей баштады.
Мэриянын маалыматына караганда, 19-декабрдан баштап жаңы электр автобустары мурда троллейбустар тейлеген каттам боюнча иштей баштайт.
№2 электробус Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна (Интергельпо көчөсү) чейин жүрөт.


