Кыргызстан токойду калыбына келтирүү тутумун масштабдуу жаңылоого киришти. Суу ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, бул максаттарга эл аралык гранттын алкагында 534 миң доллар бөлүндү.

Каражат сынактын негизинде тандалып алынган төрт объектти техникалык жактан жабдууга жумшалат:

 Ош токой чарбасы;

 Кара-Кулжа токой чарбасы;

 «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркы;

 Кыргыз улуттук агрардык университети.

Жаңыланган көчөтканалар 2026-жылдын аягына чейин ишке кириши пландалууда.

Модернизациядан кийин бул жайлардын кубаттуулугу жылына 2 миллион көчөткө жетет. Анда жаңгак, мөмө-жемиш жана декоративдүү өсүмдүктөр өстүрүлүп, алар токойду калыбына келтирүүгө жана жашылдандырууга жумшалат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *