Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди

22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдар аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Мындай чечим Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде кар көчкү түшүүcү жана жолдор тайгак болушу күтүлүп жаткандыктан коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *