Пенсияга чыгуудагы жер үлүшүнө болгон төлөмдөр жокко чыгарылды

 Пенсияга чыгуудагы  жер үлүшүнө болгон төлөмдөр алынып салынды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Улан Примов аймактардагы жашоочулардын көпчүлүгү жер үлүшү жоктугунан пенсияга чыга албай жатышкандыктарын айтып, бул багытта кандай иш-аракеттер көрүлөөрүн сурады.  

Социалдык фонддун төрагасы: “Жер үлүшүнө болгон төлөмдөр толугу менен алынып салынды. Иштебеген жарандарыбыз ыктыярдуу төлөмдү төлөй алышат. Мындан сырткары, эмгек стажына мурун 2 бала каралса, азыр 3 бала эсепке алынат. Жогорку билими барлардын иштеген жылдары жана аскерде кызмат кылгандардын кызмат убакыттары да стажга жазылат, ушул жеңилдиктерди киргиздик”,-деп жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *