Кыргызстанда дрондорду учуруу эрежелерин катаалдатуу сунушталууда

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Максат — дрон рыногун «көмүскө зонадан» чыгарып, техниканы толук каттоого алуу, операторлорго талапты күчөтүү жана аба мейкиндигин так бөлүү.

 Дрондор С0–С4 болуп 5 класска бөлүнөт. 150 г чейин камерасы жок болсо катталбайт, ал эми фото/видео жабдуусу болсо сөзсүз эсепке алынат. С1–С2 үчүн оператор сертификаты, С3 үчүн техникалык абал актысы, ал эми коммерциялык С4 үчүн учууга жарамдуулук сертификаты талап кылынат.

 Бардык класстар үчүн байланыш үзүлгөндө автоматтык кайтуу (RTH), геомаалымдоо жана геозоналоо милдеттүү болушу мүмкүн. Дронду 18 жаштан жогору, орто билими бар, окуудан өтүп, 086 формасындагы медмаалымкат тапшырган адам гана мыйзамдуу учура алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *