Казакстанда дарыгерлерге кол салгандар 12 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн

Казакстанда Сенаттын депутаттары Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырышты. Ага ылайык, дарыгерлерге, фельдшерлерге жана тез жардам унаасынын айдоочулоруна кол салгандыгы үчүн жаза кыйла катаалдаштырылып, 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Эми мыйзамга президент кол коюшу керек. Бул тууралуу Тенгриньюс жазды.

Жаңы 380-3-беренеде коркутуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч туудурбаган зомбулук, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулук өз-өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн. Ар бир учур үчүн өзүнчө жоопкерчилик чаралары каралган.

Эгерде коркутуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч туудурбаган зомбулук болсо, кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда медиктерге же тез жардам айдоочуларына кол салгандыгы үчүн төмөнкү жазалар каралат:
• айып пул
• түзөтүү иштери;
• 300 саатка чейин коомдук иштер;
• эки жылга чейин эркиндигин чектөө же ажыратуу.

Эгерде оорлотуучу жагдайлар болсо — мисалы, кол салуу топ менен жасалса, кайталанса, эки же андан көп адамга карата болсо, ошондой эле өзгөчө кырдаал, массалык башаламандыктар, өзгөчө абал же антитеррордук операция маалында жасалса:
• үч жылдан жети жылга чейин эркиндигин чектөө же ошол эле мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулук колдонулган учурда:
• беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу;
• оорлотуучу жагдайларда — жети жылдан он эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *