Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек.
Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
