Эгер ата-энесинин бири соцфондго салыктарды төлөп жүрүп, пенсия курагына жетпей каза болуп калса, анын пенсиясы мурас катары 23 жашка чейинки балдарына төлөнүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиев депутат Улан Примовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат Улан Примов: «Пенсияны кимдер, кандай тартипте мурас катары пайдалана алат?»-деп сурады.
«Эгер ата-энесинин бири пенсия курагына жетпей калса, бирок ошол эле учурда социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, анын пенсиясын 23 жашка чейинки балдарынын ар бирине мурас катары төлөп беребиз. Негизги бөлүгү 3000 сом, андан сырткары камсыздандыруу бөлүгүн кошуп төлөп беребиз,»-деп жооп берди Б.Алиев.
Бул менен бирге депутат Улан Примов өз сөзүндө айыл аймагындагы жарандардын көпчүлүгү пенсиянын көтөрүлүшүн күтөөрүн айтып, балдары миграцияда жүргөн, пенсия менен неберелерин карап тиричилик кылган жарандар да жок эмес экендигин белгиледи.
