Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду. Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту. Мелдеш улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээледи. Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугуна 23 балбан кеткен. Мелдеш 25-августка чейин Иорданиянын Амман шаарында өтөт.

