Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык Баткен облусунда 5, Ош облусунда 8,Чүй облусунда 13,Ыссык көл облусунда 3,Нарын жана Жалал-абадда 4,Бишкек шаарында жана Ош шаарында 2, Талас облусунда 1 өнөр жай ишканалары ачылат. Объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар. Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.

