Токтом  министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Документке ылайык, өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруусуз турак-жайды сатып алуу, сатуу жана ипотекага берүү мүмкүн эмес. Финнадзор белгилегендей, аймактардагы акыркы селдер үйдү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн эске салат. Республиканын ар бир регионунда жайгашкан жети филиалда камсыздандыруу кызматтары «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК тарабынан көрсөтүлөт. Мамлекеттик турак-жай камсыздандыруусу шаарларда — 1 миң 200 сом, айыл жеринде — 600 сом. Ошондой эле турак жайдын иш жүзүндөгү наркынын 0,3 пайызын түзгөн ыктыярдуу жеке тариф бар.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *