КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын инфраструктурасы жана жабдууларынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасына (ООАБКО) барды.

Анда ал стационардын медициналык ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышты.Иш сапардын жүрүшүндө оорукананын директору Атабек Жумалиев ведомствонун башчысына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле регион калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ыкчам кардиология жана рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмдөрүнө барып, медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, оорукананын жетекчилиги компьютердик томограф учурда толук көлөмдө иштеп жатканын, ал эми ангиографиялык аппарат тетиктеринин эскиришине байланыштуу иштен чыкканын маалымдады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *