Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборунда тарыхый операция жасалды. Алты күн мурда өткөн боор алмаштыруу операциясы Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовго көрсөтүлдү.

Анда боор циррозу менен жабыркаган 50 жаштагы бейтапка анын 25 жаштагы уулу донор болгон. Операция 6 сааттан ашык убакытка созулуп, дарыгерлердин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүнүн аркасында ийгиликтүү аяктады.

Учурда донор менен реципиенттин абалы туруктуу. Бул операция Ош шаарындагы медицина тармагындагы чоң жетишкендик катары бааланууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *