2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Анда баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.
Министр акыркы мезгилде синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында кеңири жайылышы өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата баштаганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу жана реабилитациялык иштерди күчөтүүнү, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги менен өз ара аракеттенүү аркылуу жалпы билим берүүчү мектептерде жана жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөөдө.
