Кыргыз балын Евробиримдиктин рыногуна киргизүүгө уруксат берилди

Еврокомиссия Кыргыз балын экспорттоо планын колдоп, Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген Еврокомиссиянын техникалык регламентинин атайын тизмесине кошту.

Бул жагдай Кыргызстандын улуттук көзөмөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келгенин ырастайт.

Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балын өндүрүүчүлөрүнө сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата-мекендик продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин кыргыз балын Европанын рыногуна киргизүү боюнча бир топ жылдардан бери аракеттер көрүлүп, Евробиримдиктин сертификациялоонун катаал талаптарынын айынан кыргыз балын экспорттоого мүмкүн болбой келген.
Министрлик мындан ары дагы Европанын рыногуна балдан тышкары да башка ата-мекендик продукцияларды экспорттоо боюнча иш-аракеттерин улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *