УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин жаңы спорт комплексинин, ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылышына катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, колледждин жетекчилиги, окутуучулары, машыктыруучулар жана тарбиялануучулар катышты.
Заманбап борбордо спорт менен машыгууга, билим алууга жана ар тараптуу өнүгүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Комплекстин курамына күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт, жатакана, конференц-зал, окуу-машыгуу жана жыйын өткөрүүгө арналган кошумча бөлмөлөр кирет.

Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш үчүн зарыл болгон жабдуулар менен жабдылган. Cпортcмендер машыгууларды, жыйындарды өткөрүп, улуттук жана эл аралык мелдештерге даярдана алат. Ошондой эле комплексте машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозона каралган. Мындан тышкары колледждин аймагында мечит курулган.

Спорттук колледж 7,6 гектар аянтты ээлейт. Анда окуу корпусу, ашкана, эки спорт комплекси, жабык бассейн, гимнастика жана күрөш залдары, эки футбол аянтчасы, ошондой эле эки жатакана жайгашкан.
Колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Н. Крупская атындагы спорт адистиги боюнча республикалык жалпы билим берүүчү спорттук мектеп-интернат катары түзүлгөн. 2000-жылы окуу жайга белгилүү спорт ишмери Шералы Сыдыковдун ысымы ыйгарылган.

