Иш сапардын алкагында ал Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты. Саммиттин алкагында алгач ирет «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели “Ак илбирс”: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өттү.
Ошондой эле, Адылбек Касымалиев БАЭнин жетекчилиги жана ири фонддордун өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Саммит учурунда ал Президенттин атынан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин төрагасы Мохаммед Абдулла Аль-Гергавиге Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн «Достук» орденин тапшырды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин төрагасы кыргызстандыктар негиздеген Epos Water Production LLC бөтөлкөдөгү суу чыгаруучу заводго барды.
Иш сапардын соңунда Адылбек Касымалиев ОАЭнин мамлекеттик Emirates News (WAM) агенттигине маек берди.

