Ош шаарынын аймагына караган Алай 1, Алай 2 конушунда 4000 ге жакын окуучу жарым сааттык жолду жөө басып, андан соң гана коомдук унаалар менен шаардагы мектептерге келип билим алышат. 4 мезгил жөө каттаган окуучулар үчүн кыш мезгилинде абал 2 эсе оорлошот. Бул көйгөй жылда көтөрүлгөнү менен мамлекет тарабынан эч кандай алгылыктуу кадамдар жасала электигин жергиликтүү тургундар билдиришет.


Кубанычбек Алиев
Алай-2 конушунун тургуну

-Бизде жол көйгөйү да курч, анткени тиешелүү мекеме карабайт, өзүбүз акча чогултуп сүрдүртүп тегиздеп коёбуз. Үстүңкү көчөлөрдүн жолу жаман болгон себептүү да машурттук таксилер борбордук көчөдөн токтойт. Ал эми мен жашаган жогорку көчөдөн неберелерим жарым саат жөө басып келип, анан шаарга жөнөшөт. Кээ бир учурда окуучулар көп болуп маршруткалар албай да кетет. 7 ден өткөндө каттам токтойт.


Бул айылдарга башталгыч класстар үчүн атайын мектептин курулушу башталып, бирок курулуш иштери токтоп калганына жети жыл болгон. 13-кварталдын комитетинин төрагасынын айтымында 2016-жылы курулуш иштери кечеңдеп, тийиштүү органдар аны курулуш материалдарынын кымбаттап кеткенинен токтоп тургандыгын жүйөө келтиришкен.


Адилет Каримов
13-кварталдык комитетинин төрагасы

-Азыркы учурда бизде биринчи мектеп көйгөйү болуп жатат. Балдарыбыз окууга барыш үчүн шаардагы мектептерге түшүүгө мажбур. Эң эле жакыны “Учар”, “Гелогородок”, “Кырк жылдык”, “Гагарин” жана башка мектептерге барып катташат. Окуудан бошоп чыккычакты караңгы да кирип кетет. Ал убакта маршруттук каттам токтоп түнү калып кеткенде иттер балдарды тиштеп алган учурлар да кездешип жатат. Ошондуктан окуучуларга мектепке каттоодо өтө чоң коркунуч жаралууда.


Туран аймактык башкармалыгына караган Алай 1, Алай 2 конушунда 9000 кожолук 650 гө жакын түтүн үй бар. Жаңы конуштардын көйгөйүн жеринен угууга көмөктөшкөн “Эдвокаси” борбору маселенин чечилүүсүнө да каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр. Бирок ал 2024-жылы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүнүн негизинде ишке ашат.


Раиса Киргизова
“Эдвокаси” адам укуктары уюмунун кординатору

-Бул долбоор он жылдык долбоор. «Эдвокаси» борбору эки компанентин ишке ашырат. Биз ушул экинчи компанент боюнча эл менен тыгыз иштешебиз, бир нече иш чараларды өткөрдүк . Долбоордун негизги максаты мамлекеттик кызматтарды алууда көйгөйлөр болбош үчүн ар кандай иш араларды өткөрөбүз. Мисалы, элди бийлик өкүлдөрү менен жолуктурабыз. Он жылдык долбоордун ичинде 4 жыл боюу “Алай 1”, “Алай 2”, “Эделвейс” конуштары “Манас-Ата” аймактык башкармалыгы менен тыгыз иштешебиз.


Аталган борбор Швейцариянын “Аракет – Кыргызстан жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу”долбоорунун алкагында аталган конуштардын көйгөйүн чечүүгө ар бирине 2 жарым миллионго чейин каражат чегерет.

БУРУЛАЙ УЛАНБЕК КЫЗЫ — кабарчы



Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *