Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.
Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган.

