Чектөө бардык рынок катышуучуларына тиешелүү болуп, өкмөттөр аралык келишимдер боюнча жеткирүүлөргө гана уруксат берилет.
Чечимдин негизги максаты ички рынокту камсыз кылуу жана баалардын өсүшүн токтотуу болуп саналат.
Экспорттун өсүшү жана ички рынокко жеткирүүнүн азайышы бийликти кайра катуу чараларга барууга мажбур кылды.
Эксперттердин айтымында, дүйнөлүк баалар жогору бойдон калууда, ошондуктан кескин арзандоо күтүлбөйт. Бирок биржада баалар бир аз төмөндөй баштады.
Күйүүчү май Кыргызстанга негизинен Россиядан импорттолот. Бирок адистер белгилегендей, бул чектөө Кыргызстанга таасир этпейт.

