«Кыргызалтын» 2025-жылы 18,7 млрд сом таза киреше тапкан. Өкмөт башчы ишкананын иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Алгач МинКаб Төрагасына “Кыргызалтын” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын Алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги аныкталып, бул багыт натыйжалуулугун көрсөткөн. 

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Аталган борбор өндүрүштүк процесстерди жогорку деңгээлде ыкчам көзөмөлдөөнү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.

Андан соң “Кыргызалтын” ААКнын жалпы ишмердүүлүгү жөнүндө видео тасма көрсөтүлгөндөн кийин, жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышты. 

“Кыргызалтын” ААКы жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында “Үңкүр-Таш”, “Тоголок”, “Чакуш”, “Талдыбулак” жана “Андаш” кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар. Мындан тышкары, компания “Кумтөр” кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.

Кумтөрдүн өнөр жайдагы үлүшү боюнча акыркы эле маалыматты айтайын. 2026-жылдын февраль айында ИДП өсүшү 8,8%ды түздү. Анын ичинде өнөр жайында 18,7% өсүш катталды же 147,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү, Кумтөрдү кошпогондо – 88,2 млрд сомду түздү. Эми – бул санды алып таштаганда өнөр жай тармагында Кумтөрдүн үлүшү 59,6 млрд сомду же февраль айындагы ИДПнын 22,6%ын Кумтөр түзүп жатат. Тиешелүү түрдө Кумтөр – Кыргыз алтындын акыркы 5 жылдагы өсүп бараткан ишине да түздөн-түз таасирин тийгизип жатат”, — деди ал. 

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, жалпысынан тоо кен тармагы 2025-жылы бюджетке 65,4 млрд сом киреше алып келгенин, ошол эле учурда алтындын баасы да 2 эсеге өсүү болуп жатканын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *