Президенттин мөөнөтү алты жыл бойдон калат, мөөнөтүнөн мурда шайлоого негиз жок

Конституциялык сот президенттин кайрылуусун карап, мамлекет башчынын ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү. 2021-жылы шайланган президенттин мөөнөтү 2010-жылкы Конституциянын негизинде алты жыл болуп эсептелет жана ал кыскарбайт 2021-жылдагы жаңы Конституциядагы беш жылдык мөөнөт мурда башталган президенттик мандатка карата иштебейт. Президент жаңы Баш мыйзамдын талаптарына ылайык ишин улантат. Биринчи мөөнөттөгү алты жыл “эки…

Кененирээк

Садыр Жапаровдун президенттик кызматынын бешинчи жылы сүрөттөрдө

Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президент кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Садыр Жапаровдун 2025-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү сунуштады. Бул сүрөттөрдүн көбү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.

Кененирээк

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:“Урматтуу мекендештер!Бүгүн – элибиздин ондогон кылымдардан бери муундан муунга көчүп, атадан балага айтылып, көкүрөгүндө жат сактап келген улуу “Манас” эпосунун күнү!“Манас” эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү!Кыргыз эли – “Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу….

Кененирээк