Өспүрүмдөр дүйнөлүк чемпиондукта оюнун жыйынтыктады.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду. Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту. Мелдеш улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн…

