Чет өлкөдө ишке орноштуруучу агенттиктердин тизмеси жаңыланды

Чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, мекемелер аралык комиссия жаңы чечим кабыл алды. Жалпысынан 28 компаниянын арызы каралып, көпчүлүгүнө 1 жылдык уруксат берилди.

Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө уруксат алган агенттиктер:
— «Камелотт»
— «Флай Джоб»
— «Прайм Тревел»

Германияга жарандарды жөнөтүү укугу:
— «Скилл Вэй Консалтинг»
— «Аслан Жобагентур 1»

«Медиа Центр» жана «ИЛЦ» агенттиктери лицензияны кошумча шарттар менен алышты.

Мурдагы уруксаттары узартылган компаниялар:
— «Азия КейДжи Консалт» (Словакия)
— «Консалтинговая компания Евразия» (Словакия)
— «Ворк Тайм Консалтинг» (БАЭ, Катар, Кувейт)

Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңундагы өлкөлөр боюнча арыздарды караган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *