Ош шаарында окуучуларды ташыган өзгөчө автобус каттай баштады

Азырынча алыста жашаган балдарды тесттик режимде 2 автобус ташып жатат. Калаа мэри Жанар Акаев жакынкы арада дагы 10 автобус келерин, эгерде алар балдарга жакса, 2 ай сайын дагы кошулуп турарын убадалады. Автобус 28 балага ылайыкташкан, ичинде кондиционери, коопсуздук курлары бар.

Кененирээк

Бишкекте автобустун айдоочуларына эмгек акы ишинин сапатына жараша төлөнөт

Борбор калаанын мэриясы киргизген жаңы системага ылайык, автобус айдоочусунун эмгек акысынын өлчөмү иштин талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат. Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, ал тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган….

Кененирээк

Бишкектеги автобус каттамдарынын жарымынын схемасы өзгөрүп, коомдук транспорттун көбү түз жана айлампа менен жүрөт

Мэриянын Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, автобустардын бардыгы негизги көчөлөр менен жүргөндүктөн, коомдук транспорт тыгындын негизги себеби болууда. Андыктан аларды төмөнкүдөй кылып бөлүштүрүү каралып жатат: Автобустар шаарды аралап кыдырбай түз-түз кетет, Калаанын четин камтыган чоң айланма маршрут болот. Негизги көчөлөргө жанаша кеткен маршруттар ачылат. Учурда иштеп жаткан 72 каттамдын дээрлик теңи өзгөрөт….

Кененирээк

Бишкекте бардык автобус каттамдарынын багыты өзгөртүлөт

Мэриянын транспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдиргендей, өзгөрүүлөр учурда иштеп жаткан 72 каттамдын баарын камтыйт. Айрым каттамдар айлампа түрүнө өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, автобустардын жүрүү аралыгы кыскарып, жүргүнчүлөр муктаждыгына карап башка автобустарга оңой эле которула алышат. Мында «Тулпар» картасы менен бир саат ичинде бир же бир нече каттамда 17 сом менен жүрүүгө болот.

Кененирээк